Суроолор менен жооптор




Кыргызстандан жеткирүү

  • Жөнөтмөнү кантип жөнөтөт?

    Жөнөтмөнү тариздеңиз жана жеткирүүгө төлөңүз сайттан. Жеткирүү үчүн алдын ала төлөнгөн пакеттер гана кабыл алынат. Посылканы тариздегенден кийин, сиз жөнөтүү номерин аласыз, аны сактаңыз.

    Бөлүмгө посылка жана паспорт менен келиңиз. Пакетти үйдө таңгактоого болот, эгерде сизде таңгак жок болсо, анда аны филиалдан сатып алууга болот.

    Оператор жөнөтмөнү кабыл алыш үчүн, ага сиздин жөнөтүү номериңизди көрсөтүңүз.

    Жөнөтүүнүн жолун биздин сайттан сизге ыңгайлуу каалаган убакта көзөмөлдөңүз.

    Маанилүү! Жөнөтмөнү тариздөөдө жөнөтүүчүнүн жана алуучунун толук берилмелерин туура көрсөтүңүз. Ошондо жөнөтмө чек арада же Россиядан берип жатканда кармалбайт.

  • Жеткирүү мөөнөтүн жана наркын кантип билсе болот?

    Жеткирүү баасын жана мөөнөтүн калькулатор менен эсептесе болот сайттан .

    Ал үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек:

    • Жөнөтүүчү шаар жана жөнөтмөнү алуучу шаар.
    • Жөнөтүүңүздүн салмагы.
    • Жөнөтмөнүн баалоочу наркы.


    Даяр! Жеткирүү баасы жана мөөнөтү автоматтык түрдө калькулятордо көрсөтүлөт.

    Маанилүү! Сураныч, жөнөтмөнүн салмагын туура көрсөтүңүз. Салмактагы айырмачылык болгондо биз жеткирүүнүн тарифин кайра эсептөө үчүн жөнөтмөнүн кыймылын токтотууга аргасыз болобуз.

  • Россияга эмнени жөнөтүүгө болбойт?

  • Жөнөтмөнү жиберүү үчүн кандай документтер керек?

    Сизге паспорт жана жөнөтмөнүн номери керек болот. Паспорт кызматкер берилмелерди текшерүү үчүн, ал эми жөнөтүү номери - жөнөтмөнү тариздөө үчүн керек. Бул номерди сиз сайттан жөнөтмөнү түзгөндөн жана төлөгөндөн кийин аласыз.

  • Жөнөтмө Россия бөлүмүндө канча сакталат?

    Жөнөтмөнү стандарттык сактоо мөөнөтү – 7 календардык күн.

    Аны сиз дагы 7 күнгө узарта аласыз: байланыш-борборго 8-800-222-80-00 номери боюнча кайрылыңыз жана жөнөтмөнү сактоо мөөнөтүн узартууну сураңыз. Кызмат көрсөтүүнү бир жолу гана колдонсо болот.

  • Жөнөтмөлөрдү жөнөтүүдө кандай чектөөлөр иштейт?

    Пакетти жөнөтүүдөн мурун, таанышып чыгууну сунуштайбыз жөнөтүүгө тыюу салынган жүктөрдүн тизмеси менен

  • Жөнөтмөнү бөлүмдөн таңгактай аламбы?

    Таңгакты бөлүмдөн сатып алып, жөнөтмөнү ошол эле жерден таңгактасаңыз болот.

  • Таңгактын баасы:

    Сейф-пакет (30*40) – 15 руб.

    Сейф-пакет (41*51) – 20 руб.

    Картон конверт (33*26) – 15 руб.

    Куту (50*29*32) – 90 руб.

    Куту (30*21*25) – 60 руб.

    Сиз ошондой эле жөнөтмөнү сунуштарга ылайык өз алдыңызча таңгактай аласыз:

    • Таңгактын бышыктыгы жеткирүү процессинде бир нече транспорттун түрлөрү менен ташууга эсептелген болууга тийиш.
    • ки кутуну бир кутуга скотч, тасма же аркан менен байлоого жол берилбейт.
    • Таңгактагы боштуктар сөзсүз толтурулган болууга тийиш.
    • Назик буюмдарды аба-көбүк пленкага таңгактоо керек. Ошондой эле таңгагында, жөнөтмө менен иштөөнүн ыкмасын көрсөтүүчү назиктик жана/же башка манипуляциялык белгилер болуусу зарыл.


    толук талаптар менен бул жерден караңыз

  • Жөнөтүүнүн максималдуу салмагы жана тыш өлчөмдөрү кандай болот?

    Биз салмагы 15 кг чейинки жөнөтмөлөрдү кабыл алабыз. Бир алуучунун дарегине бир учурда бир нече жөнөтмө кетире аласыз, мында буйрутманын жалпы салмагы чектелбейт.

    Жөнөтүүнүн эң чоң тыш өлчөмдөрү – 120 см*80 см*50 см.

    Көңүл буруңуз, ар бир орунга өзүнчө документ таризделет: бир нече жөнөтмөнү бир коштомо кагаз менен кетирүү мүмкүн эмес.

  • Россияда жөнөтмөнү кантип алуу керек?

    Жөнөтмөнү берүүгө мүмкүн болгондо, алуучуга сырсөзү менен SMS-билдирүү келет.

    Жөнөтмөнү алып кетүү үчүн, алуучу Boxberry бөлүмүнө келип, берүү пунктунун операторуна SMS-билдирүүдөгү сырсөздү айтууга тийиш.

Биздин социалдык медиа топтору
Веб-сайтка өтүү
Москва
Санкт-Питербург
Новосибирск
Екатеринбург
Нижний Новгород
Волгоград
Казань
Самара
Омск
Челябинск
Ростов-на-Дону
Уфа
Волгоград
Перьм
Красноярск
Воронеж
Саратов
Краснодар
Тольяти
Барнаул
Ижевск
Владивосток
Магадан
Ульяновск